НТС

«Газпром Кыргызстан» уюштурган акыл таймашы (видео)

Өспүрүм болгонуна карабай чемпион наамына ээ болушту. «Газпром Кыргызстан» компаниясы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар арасында шахмат боюнча мелдеш уюштурду.

Ушуну менен акыл таймашы экинчи ирет өткөрүлүүдө. Уюштуруучулар бул турнирди салтка айлантууну көздөп жатышат. «Газпром Кыргызстан» компаниясы спорт жана интеллектуалдык оюндар жаш муунду тарбиялоонун өтө маанилүү бөлүгү деп эсептейт.