Ала качууга дуушар болсоңуз – эмне кылуу керек? (видео)

4299

Ала качуунун алдын алган «Бишкекте жаз» аттуу оюн-тиркеме иштелип чыкты. Уюлдук телефонго жүктөп алууга мүмкүн болгон бул интерактивдүү оюнда ала качууга дуушар болгон учурда кандай аракеттерди көрүү керектиги үйрөтүлөт.

Анын автору буга чейин саясий-социалдык окуяларды сүрөт аркылуу таасын чагылдырып келген — Татьяна Зеленская. Айтымында, кээде көп сөз айткандан көрө бир эмгек менен бир топ нерсени жеткирсе болот.