Билим берүү жайларына пандустар орнотулат (видео)

3833

Пандус деген гана аты болбосо, керектөөгө жараксыз болгон конструкциялар. Борбор калаанын бир катар мектеп жана бала бакчаларында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын пандустар орнотула баштайт. Бул үчүн калаа бюджетинен 4,5 миллион сомго жакын каражат бөлүнүп, тендер жарыяланды.

Ага ылайык, курулуш иштери май айын ортолоп аягына чыгышы керек. Долбоор боюнча Бишкек шаарында өзгөчө камкордукка муктаж балдар барган 51 мектеп жана 37 бала бакча тандалып алынган. Буга чейин укук коргоочулар Бишкектеги имараттардын 97 пайызы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ыңгайлашпаганын айтып чыгышкан болчу.