Патрулдук милиция расмий түрдө ишке кирди (видео)

4637

Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондорунда милициянын Кайгуул кызматы ишке кирди. Алар коомдук тартипке жана Жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүшөт. Алардын ишмердүүлүгү менен президент Сооронбай Жээнбеков таанышып чыкты.

Андан соң мамлекет башчысы Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына тиешелүү санариптешкен командалык борборду көрүп чыкты. Бул долбоорду ишке ашырууга кытайлык компания 5 миллион доллар жардам иретинде бөлгөн. Анда милиция кызматкерлери 102 номерине келген чалууларды кабыл алып, окуя болгон жерге тартип сакчыларын жөнөтүшөт.