Активисттер Жеңиш Разаковду сотко беришти (видео)

3393

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ага карата арыз жазгандар менен соттошууга даяр. Бул тууралуу ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Эске салсак, аткаминерди журналист менен жарандык активист сотко берип, кадыр-барктарына шек келтирилгенин айтып, 5 миллион сомдон доо коюшкан.

Буга Разаковдун 15-январда Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы маселелерин чечүү боюнча өткөн нааразычылык акциясын «акчага уюштурулган, арасында акчага чыгарылган адамдар бар» деп айтканы себеп болгон.