Санитардык талаптарды сактабаган түнкү клубдар (видео)

4230

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Акыркы бир сутка аралыгында жаңы типтеги вирустан 5 киши көз жумса, 113 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда. Бир күн ичинде вирустун жаңы 425 учуру катталса, анын эң көбү Чүй областы менен Бишкек шаарында. Бирок буга карабастан санитардык талаптар сакталбай, массалык иш-чаралар тынбай өтүүдө.

Бишкекте рейд жүргүзүлүп, текшерүүчүлөр түнкү клубдардын биринде 1,5 миң кишинин катышуусунда өтүп жаткан концерттин үстүнөн чыгышты. Ал арада өлкөдө ооруканалар бейтаптарга толуп, медиктер жетишпей жатат. Чет өлкөлөрдөн жардамга келген дары-дармектердин кору да түгөнүп баратат, дешет адистер.