Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үй курууга акча чогултушууда (видео)

1557

Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү социалдык турак курууга жарым миллион сом топтошту. Бирок үйдү толук тургузууга дагы эки миллион сомдой каражат зарыл болууда. Өлкөнүн ар тарабындагы балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү күн жылыр менен турактын пайдубалын баштайбыз деп турушат.

Ал жакта ар-түрдүү тагдырга кабылып, багаар-көрөөрү жок калган балдар жашашмакчы. Бул кыялды ишке ашыруу үчүн алар жарым жыл мурда күнүмдүк турмуш-тиричиликке керектүү буюмдарды жасап сата башташкан болчу.