«Абдуллаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча прокуратура тарабынан сунуш киргизилди», деп билдирди соттун басма сөз кызматы.
Тендер чырына байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев менен бирге статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев 17-апрелде эки айга тергөө абагына камалган.
17-апрелде эки айга тергөө абагына камалган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев үй камагына чыгарылган.
Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.