НТС

Ири суммадагы акчага байланыштуу кылмыштар (видео)

«Манас» аэропортунун унаа токтотуучу жайында токтоп турган унаадан сөөгү табылган Хусан Каримовдун өлүмүнө шектүү катары Ош областынын 28 жаштагы тургуну Акжол Мамарасул уулу изделүүдө. Анын сүрөтү жарыяланып, дагы бир шектүүнү табуу үчүн милиция кызматкерлерине маалымат берилген. Бирок анын аты-жөнү ачыктала элек.

Эскерте кетсек, ири суммадагы акчаны ала турган таксисттин сөөгү бир ай мурда өзүнүн автоунаасынан табылган. Андан 2 күн өткөн сон, кылмышка шектүү катары 2 киши кармалган. Милиция кызматкерлери алардын жакындарынын үйлөрүнөн ар суммадагы каражаттарды алышкан. Жалпы 100 миңден ашат экен. Бирок 2 күн мурда чыккан бул кылмышка тиешелүү делген видеодо кылмышкерлер таңгакталган акчаны аэропорттун ичинен көтөрүп чуркап бара жатканын көрүүгө болот. Анда 100 миң эмес, 2 миллион долларга жакын сумма болушу мүмкүн экени айтылууда.