НТС

Ири суммадагы контрабанда кимге таандык? (видео)

Бажы кызматкерлери 30 миллион сомдук товарды контрабанда жолу менен Кыргызстанга киргизип жиберишкени аныкталды. Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы Жалал-Абад областында ар түрдүү моделдеги уюлдук телефондор жүктөлгөн автоунааны кармашкан. Текшере келгенде товар декларацияланбаганы аныкталган. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп, ири көлөмдөгү товар бажы көзөмөл пунктунан кантип өтүп кеткендиги жана бул ишке тиешелүү тараптар такталып жатат. Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык аткезчилик беренеси боюнча соттолгондор 5 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылат.