Экс-консул Э. Сопоков камакка алынды (видео)

6018

Кыргызстандын Стамбулдагы экс-башкы консулу Эркин Сопоковдун баш коргоо чарасы эртең каралат. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Мурдагы дипломат кытайлык ишкер Айэркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында, Коопсуздук комитетке суракка чакырылып, андан ары убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эскерте кетсек, Саймаити өлтүрүлгөн жерден дипломатиялык номур тагылган Сопоковго тиешелүү автоунаа табылган. Ушуга байланыштуу түзүлгөн мекемелер аралык комиссия мурдагы консулдун ишмердүүлүгүн текшерип, бир катар мыйзам бузууларды аныктаган. Анын негизинде Эркин Сопоковго «кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу», «мыйзамсыз баюу» деген беренелер боюнча кылмыш иши козголду.