Криминалдык милициянын 6 кызматкери 26 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектелүүдө

7870

Ош облустук милициясынын имаратында 26 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектелип 6 милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. “УКМКнын тергөө органдары тарабынан Ош облустук милициясынын имаратында каза болгон 26 жаштагы жарандын өлүмү боюнча “кыйноо” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши иликтенүүдө.

19-ноябрь күнү аталган кылмышка шектелип Ош облустук милициясынын Криминалдык милициянын 6 кызматкерлери кармалды”, — деп билдирет УКМК. Учурда кармалгандар УКМКнын Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Бул кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.