НТС

Ишкерлер доллардан рубльга өтөбү? (видео)

Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун финансылык портфелин доллардан рубльге өткөрүү сүйлөшүлүүдө. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Макулдашуулар бүтөрү менен конвертация жүрөт экен. Ошондой эле, бизнесмендер менен фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүү үчүн 10 миллиард сомдой да каралып жатыптыр.

Буга чейин бизнес чөйрөсү өлкө бийлигине кайрылып, анда учурдагы кырдаалдын кыйындашы менен аларга бир катар жеңилдиктерди берүүнү суранышкан. Ошол эле убакта, атамекендик айрым ири өндүрүүчүлөр жакындан тарта дүйнөдө болуп жаткан геосаясий кырдаалдын терс таасирин сезе баштаганын айтышууда.