НТС

Жабыркаган ишкерлер сотко кайрылабы? (видео)

Чек арадагы күчөтүлгөн көзөмөлдөн жабыркаган жергиликтүү ишкерлер чыгымын төлөтүү үчүн Евразиялык экономикалык биримдиктин сотуна кайрылганы турат. Бирок бул органдын чечими сунуш берүү менен гана чектелет экен. Эксперттердин айтымында, ЕАЭБтин алкагында өлкөлөр бири бирине басым жасай алышпайт. Эгер бир мамлекет милдеттемени аткарбаса, андан жабыркаган өнөктөш өлкө кошунасынын аракетине жараша жооп кайтарса болот. Андыктан чек арадагы маселени чечүүнү тездетип, бир жолун табуу керек дешет. Болбосо, өлкөдө социалдык чыңалууга алып келиши мүмкүн. Алсак, учурда үчүнчү мамлекеттерден Казакстан аркылуу ташылган чийки заттар кошуна өлкөнүн аймагында көпкө кармалууда. Мунун кесепетинен, ишканаларда жумуш солгундады.