ӨКМ: айрым аймактарда нөшөр жаандан кийинки тазалоо иштери уланууда

7429

Кыргызстандын айрым аймактарында нөшөр жаандан кийинки тазалоо жана тактоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көл-Төр айыл аймагында жамгыр аралаш мөндүрдүн кесепетинен Көл-Төр айылында 23 гектар картошка, 5 гектар арпа, 4 гектар буудай жана 6 гектар беде чөбү айдалган талаалар зыян тартты. Үйлөрдү жана жолдорду суу каптаган жок.

Жети-Өгүз районунда сел өтүүчү каналдан ашкан суу Барскоон, Ак-Коргон жана Көк-Ой айылдарында жалпы 16 үйдүн короосун каптап, бир үйдүн сарайы жарактан чыккан. Сел суусу «Көк-Ой – Таш-Коо» каналынын 600 метр аралыгын кум шагылга толтуруп, сугат каналынын 50 метрин бузуп кеткен.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айыл аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен Саргата айылында 10 турак үйдүн сарайын, короолорун жана ички чарбалык унаа жолдун бир чакырымын сел суусу каптаган.

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Коргон айылында жаандан кийин кокту-колоттордон келген суу Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 327-331-чакырымдарын кум шагылга толтуруп, автоунаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан. Бүгүн жол толук тазаланып, ачылды.