НТС

Жалал-Абадда 4 балалуу келин бычакталып өлтүрүлгөн

Жалал-Абад областынын Сузак районунун Лавдан-Кара айылында бычакталып өлтүрүлгөн аялдын өлүмүнө күйөөсү шектелүүдө. Бул тууралуу аталган областтык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя 25-июлда болуп, анда төрт балалуу келин катуу токмоктолуп, андан соң бычакталып өлтүрүлгөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, 30 жаштагы келиндин күйөөсү кызганычтан улам ушундай кадамга барган. 31 жаштагы шектүүгө карата иш козголуп, эки айга камакка алынды.

ИИМдин маалыматына караганда, үй-бүлөлүк зомбулук жыл өткөн сайын көбөйүп баратат. 2017-жылы кылмыштын бул түрү үчүн айыпталган жети миң адамга иш козголгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.