«Тез жардам» унааларын кымбат сатып алуудагы коррупция (видео)

1737

13 тез жардам унаасын сатып алууда өлкөгө 25 миллион сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти. Аталган мекеме Саламаттыкты сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгогон. Ага ылайык, бир катар жетекчилер «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча айыпталышууда.

Эскерте кетсек, 13 тез жардам унаасы быйыл коронавирус күчөп турган июль айында Дүйнөлүк банктын эсебинен 765 миң долларга сатылып алынган. Ошондо эле коомчулукта машиналар асман чапчыган кымбат баага сатылып алынганы белгиленип, бир топ сын-пикирлер айтылган.