Массалык каттоого тургузууну кантип ооздуктаса болот? (видео)

3817

Ошто мамлекеттик каттоо кызматынын айрым өкүлдөрү жарандарды жапырт каттоого тургузууда ар бир адам үчүн 200 сомдон акы алышкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары айтып чыгышты. Мамлекеттик каттоо мекемеси бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат.

Ал эми парламентарийлер шайлоо өтө турган шаарларда 100дөн ашуун адамды каттаган үй ээлери тууралуу маалымат берүүнү талап кылышууда. Акыркы убакта коомчулуктун көңүл чордонунда болуп жаткан убактылуу каттоого тургузууну кантип ооздуктаса болот?