Мамлекеттик символиканын жаралуу тарыхы (видео)

1725

Чалкыган Ысык-Көлдүн фонундагы Ала-Тоо кыркалары, алтын нурун чачыраткан күн жана канатын жайган ак шумкар. Мамлекеттик гербдин кабыл алынганына 27 жыл толду.

1994-жылы 14-январда Легендарлуу парламент тарабынан бир нече эмгектердин ичинен азыркы герб тандалып алынган. Авторлордун бири Садырбек Дубанаев сүрөтчү Асейин Абдраев экөө мамлекеттик атрибутта эркиндикти, улутмандыкты, береке менен токчулукту көрсөткүлөрү келгенин айтат.