Мигранттарды Россияга эшелон кылып поездде жиберүү керекпи? (видео)

1797

Кыргызстанда вакансиялык орундар 33 пайызга азайды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти. Өлкөдө жумушсуздук көбөйүп, 98 миң жаран мекемеге каттоого турган. Бирок алардын 15 миңи эле ишке орношо алган. Алардын катарында чет өлкөдөн келген мигранттар да бар.

Пандемия маалында расмий маалыматтар боюнча, 56 миңден ашуун жаран мекенине кайткан. Азыр көпчүлүгү кайра чет өлкөгө кете албай жатат. Анткени билет кымбат. Ал ортодо эл өкүлү Акылбек Жапаров мигранттарды эшелон менен Россияга жөнөтүү керектигин айтып, элдин сынына кабылды.