Үйгө жетпей, батирден-батирге көчүүгө аргасыз болгондор (видео)

1767

Мыйзамсыз байыган деп шектелген аткаминер, судья, депутаттардын мүлктөрү кылмыштуу жол менен алынганы сотто далилденсе, анда мамлекеттин карамагына алынат. Бул берене боюнча айыпталгандардын саны 20дан ашып калды. Шектүүлөрдүн ондогон квартираларынын тагдыры көпчүлүктү кызыктырууда.

Ал арада, мамлекет берген жарыбаган айлыкка иштеген катардагы кызматкерлер үйгө жетпей, батирден-батирге көчүүгө аргасыз. Арасында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер да бар. Алар өкмөткө кайрылып, жемкорлук менен күрөшүүдөн түшкөн батирлерди дал ушундай аялуу катмардагыларга бөлүштүрүп берүүнү суранышууда.