Унаада көз жарган келиндин төрөтүн кабыл алган инспекторлор (видео)

2539

Жакында эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлер унаанын ичинде төрөт кабыл алышкан. Окуя 15-январга караган түнү Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылындагы стационардык постто болгон. Кызматкерлердин айтымында, алар жардам сурап кайрылган айдоочунун унаасына барганда толгоосу бышып калган келинди көрүшкөн.

Ооруканага жеткирүүгө жетишперин сезишкен соң, эркек инспекторлор төрөттү ошол жерде кабыл алууну чечишет. Андан соң эне-баланы Чүй областтык төрөт үйүнө жеткиришет. Учурда баланын да келиндин да абалы жакшы. Үйлөрүнө чыгарылган.