С. Жумабеков: Жабдык, дары-дармек түрүндө жардам көрсөтүүңүздөрдү сурайбыз

7655

Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун башчысы Сабырбек Жумабеков оорукананын “Манас” бөлүмүндө коронавирус инфекциясынан дарыланып жаткан бейтаптар үчүн медициналык жабдык жана дары-дармек алууга жардам сурады.

“Урматтуу бизнесмендер өлкөдө тилсиз жоо менен күрөш жүрүп жатат. Күн сайын ооруканага жаткырылып дарыланууга муктаж болгон миңге жакын бейтап кайрылууда. Өкмөт менен Саламаттык сактоо министрлиги “Манас” базасында миңден ашык орун даярдады. Саламаттык сактоо министрлиги дары-дармектерди керектүү өлчөмдө сатып алууга жетишпей жатат (саламаттык сактоо министринин орун басары М. Каратаевдин айтымында).

Ошондуктан биз медицина кызматкерлери дары-дармек, жабдык түрүндө жардам көрсөтүүңүздөрдү сурайбыз. Айрыкча эуфилин, дексаметазон, адреналин, гепарин, фраксипарин, кальций глюконат, анальгин, димедрол, диклофенак, кетонал дарылары, 5 жана 10 гр. ийнелер, спирттик кол аарчылар, жеке коргонуучу каражаттар, көз айнектер керек. Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борбору боюнча жооптуу куратор Чыңгыз Нарынбеков, 0706203021”, — деп жазган ал.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.