Жаңылыктар​ / 08.04.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

996

Ала качууга дуушар болуп, андан соң муунтуп өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын сөөгү кичи мекенинде жерге берилди. Ал бир үйдүн жалгыз кызы болчу.

27 жаштагы кыздын өлүмү боюнча митинг өтүп, катуу талаптар коюлду. Аларга премьер-министр Улукбек Марипов чыгып, бирок өкмөт башчы нааразы тарапты ынандыра алган жок.

Акыркы 7 айдан берки эң жогорку көрсөткүч. Өлкөдө жаңы типтеги вирустун 222 учуру катталды. Президент чукул кеңешме өткөрүп, бир топ тапшырмаларды берди.

Шайлоодо мыйзам бузууларга күбө болуп калсаңыз унчукпай турбаныз. Өлкөдө «Тандоо Инфо» элдик порталы ишке киргизилди. Ага ар бир жаран бузуулар боюнча маалымат жайгаштыра алат.