НТС

Жаңылыктар / 01.10.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

Министрлер кабинети электр жарыгына жаңы тариф саясатын бекитти. Элге өзгөрүлгөн жок, бирок өнөр жайлар эми кымбат төлөй баштайт.

Коррупционерлердин конфискацияланган үйлөрү ипотекалык жол менен карапайым элге бериле баштайт. Канча турак-жай мамлекеттин карамагына алынды?

Сырты калтырак, бирок ичи жалтырак. Бишкекте экологиялык таза азыктардын жарманкеси ачылды. Дары чачылып өстүрүлгөн менен таза тамакты кантип айырмалоого болот? Дыйкандардан кеп-кеңеш.

3 бир тууганын өрттөн сактап калган 9 жаштагы Нурмухамед Жумабеков сыйланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кичинекей баатырга ардак грамота тапшырышты.