Башталгыч класстардын окуучулары мектепке барып окушат (видео)

1131

Бир класста 25-30 окуучу, сабакка бет кап менен катышуу. 9-марттан тарта — Бишкек шаарындагы башталгыч класстын окуучулары ушундай тартип менен окуй башташат. Тагыраагы, Бишкек шаарындагы эпидкырдаалды иликтеген комиссия эми 2-3-4 класстардын окуучуларына салттуу билим алуусуна уруксат берди.

Жумушчу топ санитардык эрежелердин жаңы тартибин бекитти. Ага ылайык, мурдагыдай шахмат түрүндө отургузуу, 20 мүнөт сайын эс алуу тартиптери жокко чыкты. Мектептер сыяктуу эле бала бакчалар да жарым жартылай ишин жандантканы жатат. Бирок ар бир тайпада балдардын саны ондон ашпоосу шарт.