Баткен облусунда дан эгиндерин оруп-жыйноо жумуштары кызуу жүрүүдө

8126

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов Баткен облусунун эң алыскы Лейлек районунун Маргун айылындагы оруп-жыйноо иштеринен кабар алды. “Өлкөдөгү кооптуу илдеттен улам түзүлгөн кырдаал, талаа жумуштарына тоскоол болбошу керек, жергиликтүү бийлик, дыйкандардын муктаждыгын өз убагында чечип, оруп-жыйноо иштерин өз убагында аткарылышына түздөн-түз жооптуу” — деп белгиледи Абдрахманов.

Учурда облуста оруп-жыйноо иштери кызуу жүрүүдө. Быйылкы жыл үчүн жалпы 25776 га оруп-жыйноо жумуштарын аткаруу пландалган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1115 га көп. Бүгүнкү күндө, кылкандуу дан эгиндери 5179 га жыйналса, анын ичинен буудай 2583 га, арпа 2596 га жыйналды. Түшүм гектарына орточо 24 центнерден алынууда. Ошондой эле 626 га картошка, 565 га жашылча, 2734 га мөмө-жемиш, 410 га дан буурчак жыйналды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.