Дача СУ окуясы боюнча кылмыш иши тергелип жатабы? (видео)

2424

Тарыхка кара тамга менен жазылып калган Дача Су трагедиясы боюнча ачылган кылмыш ишинин тагдыры эмне болду? Учурда айрым активисттер авиакырсык боюнча жаңы жагдайларды айтып чыгып, ал каргашага күнөөлүүлөрдү жазага тартуу үчүн иш кайрадан ачылышы керектигин билдиришүүдө.

Айтымдарында бул вазийпаны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзүнө алып, күнөөлүүлөрдү аныкташы керек. Себеби 4 жыл мурда 39 адамдын өмүрүн алган авиакырсык боюнча кылмыш иши козголгону менен, ал аягына чыкпай келет.