БШК: Партиялардын 50 миң сомдук күрөөсү кайтарылбайт (видео)

4790

Бишкек шаарында 11-апрелде өткөн шайлоодо утуп чыгып, бирок мыйзам бузганы үчүн жарыштан четтетилген партиялар кайра шайлоого дагы катышууга камынууда. Болгону саясий уюмдардын курамы гана бир аз өзгөрүшү мүмкүн. Анткени добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга себепкер болгон талапкерлерге кайра шайлоого катышууга тыюу салынат. Бирок азырынча ал кандидаттар кимдер экени ачыктала элек.

Ал арада добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган үч чоң шаардагы партиялар күрөөгө коюлган акчаны кайтарып берүүнү талап кылышууда. Бишкек шаарында бир дагы партия шайлоочулардын 15 пайыздан көп добушун ала албагандыктан, 50 миң сому берилбейт экен. Саясий өнөктүктүн жыйынтыгы жокко чыккан Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоо качан өткөрүлөт?