Жаңылыктар / 12.05.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1193

Кумтөргө байланыштуу кескин чечимдер. Мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы кийинки аптада жарыяланат. Депутаттар дүйшөмбүдө кезексиз отурумга чогулмай болушту. Ал арада компаниянын 3 жетекчиси Кыргызстандан чыгып кеткен.

Кайра добуш берүү өтчү калаалар. Шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган Токмок менен Ошто кийинки айда добуш берүү өтүшү мүмкүн. Бул шаарлардын катарына Бишкек дагы кошулуп калышы ыктымал.

Тажикстандын жүк ташуучу уналаарын коштогон милиционерлерге карата териштирүү башталды. Алар аткезчилерге каршы чыккан Баткен элине атырылып, орой мамиле жасашкан.

Бүгүн мээрман айымдардын эл аралык күнү. Кыргызстанда иштеген 30 миңге чукул медайымдын айлыгы качан көтөрүлөт?