НТС

Жаңылыктар / 06.12.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

Боршайком 12 күндүн ичинде шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялашы керек. 2494 шайлоо участкасынын ичинен бир протокол көпкө күттүрүүдө.

Жаңы Акыйкатчыны жаңы шайланган депутаттар тандайбы? 1,5 айдан бери бош турган Омбудсмендик кызматка талапкерлер жылдырыла баштады.

Дыйкандар жана фермерлер 1-январдан тарта жер салыгынан бошотулат. Анын ордун өкмөт компенсациялайт. Мындай жарлыкка президент кол койду.

Бишкекте кайыр сурагандардын айынан айдоочулар жол кырсыгына кабылып же жол эрежесин бузууга аргасыз болгон фактылар катталууда. Тилемчилерге карата рейд жүрүүдө.