НТС

Жаңылыктар / 08.06.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

Чүйдүн Молдовановка айылындагы абакта 59 адам ачкачылык жарыялады. Экстремизм жана терроризм боюнча соттолгондор камералардын эшиктерин ачык коюуну талап кылып жатышат.

Акыркы 3 күндө эле аялдар күйөөсү тарабынан аёосуз сабалган 4 учур катталды. Ошто ур-токмокко кабылган келиндин күйөөсүнө кылмыш иши козголду.

Күйүүчү майдын кымбаттосу июнь айында дагы токтобойт! Кыргызстандык айдоочулар май күйүүчү ири станцияларга бир нече күндүк бойкот жарыялоого чакырык ташташууда.

Жогорку Кеңештин депутатына таандык деп айтылган Бишкектеги хансарай кызуу талкуу жаратты. Салык кызматы эми Камчыбек Жолдошбаевдин мүлкүн текшереби?