Чөп кымбаттады: бир таңгагы — 230-250 сом (видео)

4226

Жер иштеткендер быйыл кургакчылык болгондуктан түшүмсүз калуу коркунучуна кептелсе, мал баккандар тоют чогулбай калабыз деп кооптонушууда. Анткени көп жерлерде чөп күйүп кеткен. Ушундан улам, азыр беденин баасы асман чапчыды. Бир эле Чүй областында анын наркы 2 эсе кымбаттап кеткен.

Чөптүн бир таңгагы — 230-250 сомдун тегерегинде сатылууда. Былтыр анын баасы 150 сомдон болгон. Айыл чарба министрлиги болсо, сууну көп талап кылган өсүмдүктөрдү айдоо көбөйгөндүктөн ушундай жагдай жаралууда деп түшүндүрүүдө.