Түркияда кайнатасы өлтүргөн келиндин сөөгү жерге берилди (видео)

4538

Жыл башынан бери Россиядан эле 365 жарандын сөөгү Кыргызстанга алып келинген. Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Жарандык коомдун өкүлдөрү болсо көрсөткүч мындан да жогору болушу мүмкүн экендигин айтышууда.

Ал эми чет жерлерде каза болгондордун көрсөткүчү боюнча Россиядан кийинки эле орунда Түркия турат экен. Тогуз айда аталган мамлекеттен 14 мекендештин сөөгү өлкөгө жеткирилген. Ал ортодо кечээ жакында эле кайын атасынан колунан набыт болгон 30 жаштагы Аят Жүзбек кызынын сөөгү мекенине жеткирилип, 16-октябрда жерге берилди.