Дагы бир митинг. Бул жолу журналисттерге каршы (видео)

2000

Чек арада кырдаал курчуп турган чакта ич ара тирешип, митингдерди уюштуруу туура эмес. Учурда кыргызстандыктар биргеликте бул абалдан чыгып кетүүнүн жолун издеши керек. Бул тууралуу “Кактус Медиа” маалымат агенттигинин жабылуусун талап кылып уюштурган митингде айтылды. Бир катар жарандык активисттер аталган медианын имаратынын алдына нааразычылык акциясына чыгышты.

Алар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыккан чатакты чагылдырууда, аталган агенттик Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы иштеди деп жатышты. Ал эми “Кактус Медиа” бул боюнча түшүндүрмө берип алардын максаты тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын кыргыз коомчулугуна жеткирүү болгонун билдирди. Журналисттер так жеткире албай калганы үчүн коомчулуктан кечирим сурашты.