НТС

Жаңылыктар / 13.05.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

Дастан ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов боюнча президенттин маалымат катчысы тактоо киргизди. Башкы прокуратура болсо ага убагында 4 кылмыш иши козголгонун билдирди.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик үлүшү бар 4 ишкананын акционери болуп калды. Алар “Кыргызтелеком”, “Евразия” сактык банкы, “Альфа Телеком” компаниясы жана “Дастан” ишканасы.

Депутаттар мыйзам жазып, куранды чечмелөөдөн алыс болушу керек. Муфтият парламентарийлерди саясий упай топтоо үчүн куранды курал кылбоого чакырып, ар бир адис өз кесибине ылайык иш жүргүзгөнү туура болорун эскертти.

Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды. Президенттин жарлыгы менен пляждагы тосмолор алып салынып, жергиликтүү тургундарга ээн-эркин кирип-чыгууга уруксат берилди.