700 сомдук уруксат кагазын 22 миң сомдон сатып ишкерлерди алдагандар (видео)

4470

Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери менен жеке ишкерлер ортосунда түзүлгөн уюшкан кылмыштуу топ 700 сомдук уруксат кагазын 22 миң сомдон сатып, дыйкандарды кыйнап келишкен. Бул тууралуу УКМК тараткан маалыматта айтылат. Айыл чарба продукциясын экспорттогон 28 миң ишкер коррупциялык схеманын кесепетинен документти 31 эсеге кымбат алууга аргасыз болушкан.
Уюшулган кылмыштуу топко тиешеси бар делген төрт киши камакка алынды. Анын бири «Дордой-Дыйкан» базарынын директору Эркин Салымбеков. Дыйкандар картөшкөсүн, капустасын сата албай чиритип жатканда кимдер мыйзамсыз иш менен киреше таап турган?