Өрт кырсыктары 30%га көбөйүп, каза болгондордун саны өстү (видео)

2058

Жыл башынан бери өрт кырсыгынан 25 адам көз жумду. Төртөө — жаш балдар. Акыркы бир суткада эле өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталды. Анын бешөө Бишкек шаарына туура келет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалымат боюнча, өткөн жылга салыштырмалуу быйыл өрт кырсыктары 30 пайызга көбөйүп, каза болгондордун саны өскөн. Мунун себептери эмнеде?