Алдыдагы беттеште «Акшумкарга» ийгилик жылмаябы? (видео)

3075

Кыргызстандын «Акшумкарлары» Таджикистандын футбол боюнча курама командасы менен беттешет. Оюн Бишкек шаарында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, ал дүйнө чемпионатынын экинчи баскычында Кыргызстан үчүн чечүүчү болот. Себеби бул беттеште Кыргызстан жеңип алса, чемпионатка аттанууга дагы бир мүмкүнчүлүк пайда болот. Андыктан спорт чеберлери «Акшумкарлар» бул ирет жеңишти колдон чыгарбайт деген үмүттө.

Ал эми оюндун күйөрмандары түшүнүү менен кабыл алышууда. Себеби Япония бир нече жылдан бери дүйнө чемпионатына катышып, күчтүү делген командалардын катарын толуктайт. Алдыдагы беттеште кыргызстандык «Акшумкарлага» ийгилик жылмаябы?