Жаңылыктар / 21.02.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

805

Эл аралык финансылык донорлор берген акчанын көбү карапайым калкка жетпей оонолуп кеткен өлкөлөр. Дүйнөлүк банктын бул тизмесине Африка өлкөлөрүнөн тышкары, Кыргызстан да кирди.

Шайлоонун алдында 700, 1000 кишиден катталган даректер. Муну үй ээлери билбегени аз келгенсип, тиешелүү документтер да даярдалган эмес. Прокуратура көп мыйзам бузууларды таап чыкты.

Мөңгүлөрдүн тегерегинде кайрадан талаш-тартыш. Экологдор көп жылдык ак кар, көк музду сактап калуу үчүн тезинен документти кабыл алуу керек дешүүдө. Айрым депутаттар болсо андан Кумтөр алтын кени тарапта жайгашкандарын алып коюу керек деп чыгышты.

Борбор калаанын бир катар мектеп жана бала бакчаларында пандустар жаңыланат. Көпчүлүгүндө пандус деген гана аты болбосо, керектөөгө жараксыз.