Эл аралык террордук уюмду каржылоого шектүү тергөө абагына киргизилди

5719

Эл аралык террордук уюмдардын ишмердүүлүгүн каржылоо каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында Кыргызстандын 25 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Анда айтылгандай, шектүү 26-октябрда колго түшкөн. Кармалган адам ЭТУнун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Сириядагы согуш аракеттерине катышкан бандиттик түзүмдөргө жөнөтүү үчүн акча каражаттарын чогултуп жүргөндүгү аныкталды.

Террордук ишти каржылоо фактысы боюнча сотко чейинки материалдар Кылмыштардын жана жолуктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.