Жаңылыктар / 28.10.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

865

Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаевди кызматтан кетирүү аракети башталды. Ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча кол топтоп жаткан депутаттар бул маселени эртең жыйында карашы мүмкүн.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев камакка алынды. Ал пара алууга шектелип, УКМнын тергөө абагына киргизилди.

Садыр Жапаров баш болгон өкмөт мүчөлөрү ант беришип, расмий түрдө жумушка киришти. Бирок депутаттар ал сунуштаган Аида Исмаилованы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине бекитпей коюшту.

76 миллион сомго курулган жаңы инфекциялык оорукана ишке берилди. Эми бул медициналык жай коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл ала баштайт.