Пакистан КРнын медициналык окуу жайларынын баарын кара тизмеге киргизди

9684

Пакистандын Медициналык Комиссиясы Кыргызстандын медициналык окуу жайларынын бардыгын кара тизмеге киргизди. Бул тууралуу Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Анда айтылгандай, мекеме бул маалыматты Пакистандын Кыргызстандагы элчилигинен алды.

Бул жагдай Кыргызстандан бүткөн пакистандык студенттердин 90% Пакистандын милдеттүү медициналык экзаменден өтпөй калганы себеп болгон. Натыйжада алардын дипломдору Пакистанда таанылган эмес.

Дээрлик бардык окуу жайлар эл аралык аккредитациядан өтпөгөнү жана мындан ары аларга көзөмөл күчөтүлөрү белгиленүүдө. Ошондой эле пакистандык студенттерге кирүү талаптары күчөтүлүшү мүмкүн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.