Жаңылыктар / 18.10.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

940

Өлкөдө жол кырсыктары былтыркыга салыштырмалуу 30 пайызга көбөйдү. Өткөн дем алыш күнү эле Таласта 8 адам набыт болсо, Кемин районундагы жол кырсыкта 2 адам каза тапты. Авариялардын көбөйүшүнө эмне себеп болууда?

Өндүрүүчүлөр продукцияларын башка өлкөлөргө үзгүлтүксүз чыгарып кетүү үчүн кызмат адамдарына жана логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болушкан. УМКМ «Дордой Дыйкан» базарынын директору Эркин Салымбековдун кармалышы боюнча маалымат таратты.

Парламенттик шайлоого катышууга белсенген саясий партияларды каттоо аягына чыкты. Ал эми арыздарды карап, документтерди текшерүү жана талапкерлерди расмий каттоо 29-октябрда аяктайт.

Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымованын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кыргыз улуттук опера жана балет театрында болуп өттү.