Азиз Батукаевдин ишине байланышкан сот отуруму 29-ноябрга жылдырылды

9739

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу баштапкы соттук жыйын 29-ноябрга жылдырылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. Соттук процесске айыпталуучу катары өтүп жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышуудан баш тартса, ал эми Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов ооруп жатканына байланыштуу келген эмес.

Бул иштин алкагында төрт адам айыпталуучу катары өтүп жатат. Алар — мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

Калган 14 киши тергөө менен кызматташууга кол койгону үчүн алардын макамы өзгөртүлгөн. Алардын арасында мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматов жана бир катар дарыгерлер бар.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.