Кумшекер менен өсүмдүк майынын баасына өкмөт качан чек коет? (видео)

1443

Базарларда 5 литр өсүмдүк майы бир күндө эле 10 сомго кымбаттады. Бул дүңүнөн соода кылгандар үчүн коюлган нарк. Эки жыл ичинде эле товардын баасы 54,6 пайызга жогорулап кеткен. Кумшекер боюнча да абал жакшы эмес.

Былтыр Бишкек шаарында анын килограммы 40 сомдон сатылса, азыр 60 сом турат. Азык-түлүктүн бул 2 түрүнө бааны туруктуу кармап туруу үчүн өкмөт токтом долбоорун кабыл алууну демилгеледи.