Чек арадагы чатырларда жашаган кыргызстандыктар автобус менен жолго чыгышты

8252

Кыргызстан Оренбург облусунун Бузулук районунда топтолуп турган жарандарынын баарын алып чыкты. 22-майда Оренбург шаарынан тогуз автобус менен 448 адам Казакстан аркылуу жолго чыкканын Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлады.

Элчилик тараткан маалыматта “Казак тарап алардын баарынын саламаттыгын текшерип, тийиштүү кагаздарын жазып берди. 12 айдоочу машинасын тралдарга жүктөдү, калган айдоочулар мурда жашаган жерине кайра жөнөштү. Ошентип, Соль-Илецк шаарында жана Бузулук районунда Кыргызстандын топтолгон жарандары жок” деп айтылат.

Эске сала кетсек, Россия-Казакстан чек арасында мекенине кайтууну каалаган кыргызстандык мигранттар март айынын ортосунан тарта топтоло баштаган. Алардын 541ин өкмөт 7-майда автобус менен алып келген. Ал эми 20-майда Оренбург-Бишкек чартердик каттамы менен 164 мекендешибиз өлкөгө кайтарылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.