Элчилик: Билеттер жогору баада сатылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт

2141

«Аэрофлот» авиакомпаниясынын каттамдарына билеттер Россиядагы КРнын элчилик тарабынан жогору баада сатылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу КРнын Россиядагы элчилигинин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы штаб билдирет. Маалыматка ылайык, билеттин баасын «Аэрофлот» компаниясы гана коёт жана өздөрү сатат. Элчилик жүргүнчүлөрдүн тизмесин гана берет.

Тизме жарандын жеке арыздары жана кыргыз диаспорасынын лидерлеринин сунушу менен төмөндөгү критерийлер боюнча: кош бойлуу айымдар, балалуу энелер, оорукчандар, улгайган жарандар, ошондой эле март айынан бери хостелдерде каттам күтүп жаткан жарандар жана жакын адамдарынын каза болгондугуна байланыштуу кайрылган жарандардан түзүлөт. «Аэрофлот» авиакомпаниясы бүгүнкү күнү Москва-Бишкек авиакаттамы боюнча төмөндөгүдөй бааны бекитти:

  • эконом класс – чоңдорго 13485 рубль, 2 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн 10523 рубль, 2 жашка чейинки балдар үчүн 1170 рубль.
  • бизнес-класс — чоңдорго 73860 рубль, 2 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн 66683 рубль, 2 жашка чейинки балдар үчүн 7020 рубль (билеттердин баасы валютанын курсуна жараша бир аз өзгөрүшү мүмкүн).

«Бүгүнкү күнү элчиликке мекенине кайтаруу өтүнүчү менен 4,5 миңден ашуун арыз келип түштү. Тилекке каршы, баардык каалоочуларды дароо жөнөтүп жиберүүгө мүмкүн эмес, ошондуктан мекендештерди сабырдуулукка чакырабыз. Азырынча кете албай жаткан жарандар ар кандай эмоционалдуу билдирүүлөрдү жасап, нааразычылыктарын билдирүүдө, биз алардын абалын абдан жакшы түшүнөбүз. Элчилик тарабынан мекендештерди Кыргызстанга жөнөтүү боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө, РФнын ТИМи, Росавиация, Роспотребнадзор жана авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, элчилик Россиядагы мекендештердин учурдагы абалын эске алуу менен, Москва шаарынын мэриясы менен биздин жарандарыбызга жардам берүү жана жакынкы күндөрү пландалып жаткан Москва-Бишкек жана Москва-Ош авиакаттамдарына билеттердин баасын максималдуу түрдө төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.