Жаңылыктар / 17.09.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1326

Медиктер менен мугалимдерге шайлоочу таап келүүгө кимдер буйрук берүүдө? Агартуучуларды коркутуп, баш ийбегендерге айлык бербейм деп коркуткан адамдын аудиосу тарады. Үгүт маалындагы мыйзам бузуулар боюнча Чүй областында эле 15 кылмыш иши козголду.

Мыйзамсыз байыгандарга эч кандай аёо жана кечирим болбойт. Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков “коррупция менен элдешкис күрөш уланарын” айтты.

Акыркы күндөрү адам өмүрүн алган жол кырсыктары көбөйүүдө. Буга чейин бир бөбөк кырсыктан көз жумса, эми Бишкектин чок ортосунда коомдук транспорт ала салып кетти.

Кичинекей Аландын өмүрүн сактап калууга кол суналы. 2 жашар бөбөктүн баш мээсине операция жасатууга ата-энесинде каражаты тартыш.