Кыргызстанда жол кырсыктары 30 пайызга көбөйдү (видео)

2315

Өлкөдө жол кырсыктарынын саны былтыркыга салыштырмалуу 30 пайызга өстү. Быйыл жыл башынан бери 5 миңден ашуун авария катталса, анын кесепетинен 500дөй адам каза тапкан. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кырсыктардын көбөйүшүн такси айдоочуларынын эрежелерди сактабай жаткандыгы менен байланыштырышууда.

Ал эми аймактарга эл ташып иштегендер болсо муну менен макул эмес. Өткөн дем алыш күнү эле Таласта 8 адам набыт болсо, Кемин районундагы жол кырсыкта 2 адам каза тапты.